Шер-Нияз “Евразия” фестивалына чакырылды

20-Июль 2017, Бейшемби

Кинорежиссер, продюссер, сценарист Садык Шер-Ниязга 22-28-июлга чейин Астанада өтө турган XIII Эл аралык кинофестивалга чакыруу келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин басма сөз кызматы билдирет.

Кинофестивалдин алканда Борбор Азияда кино ишмерлеринин катышуусунда ири кинофорум болот. Анда толук жана кыска метраждуу, автордук, документалдык кинолор көрсөтүлөт.

Эске салсак, өткөн жылы “Сүтак” тасмасынын режиссеру Мирлан Абдыкалыков жана тасманын продюсери Садык Шер-Нияз аталган тасма менен эл аралык кинофестивалды баш байгени утуп алышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!