Кырсыктаган жүргүнчүнүн абалы начарлады

20-Июль 2017, Бейшемби

Бишкекте 3 жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ 19-июль күнү кечки саат 10:30 чамасында Элебаев жана Карасаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда кырсыкка кабылган үч унаа тең жараксыз абалга келген, бирок унаалардын айдоочулары жана жүргүнчүлөрү жабыркаган эмес. Бирок, түн ичинде жүргүнчүлөрдүн биринин абалы начарлап, ооруканага кайрылган.

“Кырсыкка кабылган унаалар айып төлөөчү жайга токтотулган. Учурда жол кырсыктын себептери текшерилүүдө”, - деп айтылат билдирүүдө

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!