Жеңил унаа өрттөнүп кетти

20-Июль 2017, Бейшемби

Бишкекте Ишеналы Арабаев атындагы Мамлекеттик университетине жакын жерде “Фольксваген-Пассат” үлгүсүндөгү унаа токтоп турган жеринен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы бүгүн, 20-июлда болжол менен саат 13:30 чамасында Киев менен Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

“ӨКМнын нөөмөт бөлүмүнө саат 13:34 чамасында аталган кырсык тууралуу кабар келип түшкөн. Окуя болгон жерге бир өрт өчүрүүчү унаа тартылып, өрттү саат 13:48де толук өчүргөн. Жабыркагандар жана жаракат алгандар жок”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!