Кырсыкка кабылган айдоочу куткарылды

21-Июль 2017, Жума

Ысык-Көлдө унаа кырсыгына кабылган айдоочу куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Тоң районунун Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 76-чакырымында 20-июль күнү “Мицубиси-Лансер” үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кетип токтогон.

Окуя катталган жерге ӨКМнин куткаруучулары барышып, айдоочусун шок абалында медицина кызматкерлерине тапшырып беришкен. Абалы жакшы, жабыркагандар жок. 3 куткаруучу тартылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!