Уруулукка шектүү жаран кармалды

21-Июль 2017, Жума

Аламүдүндө 34 жаштагы жаран уруулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Молдовановка айылынын 39 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 9-июнь түнү үйүнөн белгисиз адамдар 9 000 сом акча каражатын жана алтын буюмдарын уурдап кеткендигин маалымдаган.

Жогорудагы факты боюнча Аламүдүн РИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин “уурдоо” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлеринин ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектүү жарандын өздүгү такталды, ал 34 жаштагы Ш.В. аттуу жергиликтүү тургун болгон.

Соттун чечими менен кармалган жаран үй камагына камалган. Азыркы учурда тергөө амалдары уланууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!