Сууга түшүп жаткан киши агып кетти

21-Июль 2017, Жума

Баткенде бир адам сууга чөгүп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Алардын маалыматка ылайык, Баткен районунун Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 270-чакырымындагы “Төрт-Гүл” суу сактагычына куйган каналга 20-июль күнү саат 15:20 чамасында 1965-жылы туулган эркек киши сууга түшүп жатып агып кеткен.

“Окуя катталгандан кийин куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок табылган эмес. 8 куткаруучу тартылган. Издөө иштери 21-июль күнү улантылат”,- деп билдирет аталган министрлик.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!