Жаш жигитке кылмыш иш козголду

21-Июль 2017, Жума

Жашы жете элек кызды Ысык-Көлгө алып кетип калган жигитке карата кылмыш иш козголгонун Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 10-июлда 2003-жылы туулган С.К аттуу окуучу кыздын жакын бир туугандары издеп, кийин кыздын ата-энеси Аламүдүн РИИБинин кызматкерлерине кайрылып, кызын таап берүүнү өтүнгөн.

“14 жаштагы кызды менен көлгө кетип калган 19 жаштагы жигит, кызды издөө иштери жүрүп жатканын билип, ал кызды Бишкек шаарындагы “Айчүрөк” соода борборунун жанына алып келип таштап, өзү качып кеткен. Ал эми жалгыз калган кыз телефон аркылуу апасына байланышкан. Андан кийин кызды жакындары үйүнө алып кеткен”,- деп айтылат билдирүүдө.

Учурда бул факты боюнча жаш жигиттин үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин “16 жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, аны издөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!