Польшалык кызды уурдоого аракет кылышкан

26-Июль 2017, Шаршемби

Ысык-Көлдө 24 жаштагы польшалык Квечень Агнешкинини уурдоого аракет кылуу фактысы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 23-июлда саат 07:00 чамасында белгисиз эркектер аны Ысык-Көл районунун аймагындагы курорттук жайлардын бирине жакын жерде болгон.

Арыз ээсинин айтымында, бул күнү ал саат 07:00 чамасында “Сары-Ой” айылындагы “Кайнар” ысык булагынан кайтып келе жаткан. Аны утурлай келген жеңил машинадагы болжол менен 25-30 жаштардагы азиат улутундагы эки белгисиз жигит аны ала кетүүнү сунушташкан. Агнешки макул болгон эмес, Ошондо жигиттердин бири аны кармап, унаага отургузууга аракет кылган. Бирок, экинчиси кызды жайына коюшун талап кылган.

Ал жигиттерден бошогон соң, мугалим кыз өтүп бара жаткан башка унааны токтотуп, иштеген жери «Кембридж Скуулга» жеткирүүнү өтүнгөн. Бул унаанын артында айдоочунун таанышы уктап жаткан. Агнешки алдына отурат. Унаа барчу жерден өтүп кеткен соң, ал айдоочудан артка кайрылууну суранат. Бурулуп жатканда, таанышы ойгонуп калганынан чочуган Агнешки унаадан түшүп, башка унааны тоскон.

Ал жерден унаанын айдоочусуна болгон окуяны айтып берген. Ал польшалык кызга арыз жазып, милицияга кайрылууну сунуштаган.

"Польшанын жаранынын арызы Ысык-Көл РИИБ күзөт кызматында катталган. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан унаанын ичиндегилердин өздүгү такталып, аталган факт боюнча териштирүү иштери жүрүүдө", - деп айталат билдирүүдө

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!