​Жеңил унаа КамАЗды сүздү

27-Июль 2017, Бейшемби

Кара-Суу районундагы жол кырсыгынан 22 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-июль күнү саат 14:00 чамасында Маданият айылында «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү жеңил унаа каршы тилкеге чыгып, КамАЗ менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен жеңил унаадагы 5 адам ар кандай деңгээлде жаракат алып, Кара-Суу аймактык ооруканасына жеткирилген. Ал эми айдоочу кыз жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келбей каза болгон. Маркум Ноокат районунун 22 жаштагы тургуну экени белгилүү болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жеңил унаанын ичинде айдоочу менен жалпы 6 адам болгон. Ал эми КамАЗда унаанын айдоочусу гана болгон.

Учурда аталган кырсык боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!