Балдардын шоктугунан өрт чыкты

27-Июль 2017, Бейшемби

Чүйдөгү үйлөрдүн биринде балдардын шоктугунан өрт чыгып, ал ири чыгым алып келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-июлда саат 13:00 чамасында Кемин районунун Орловка шаарынын Некрасов көчөсүнүн № 74 үйүндө жалын тутанган.

Өрттүн кесепетинен чөпкананын 42 чарчы метр чатыры, времянканын 48 чарчы метр чатыры, бастырманын пластик менен жабылган 42 чарчы метр чатыры, 220 түк чөп, 6 куб отун, 4 тонна кык жана 5 баш кой күйүп кеткен.

«Өрттун чыгуу себеби балдардын шоктугунан болгон», - деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!