Күйөөсүн издеп кеткен келиндин сөөгү табылды

31-Июль 2017, Дүйшөмбү

Күйөөсүн издөө үчүн үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан жаш келинден сөөгү табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-июлда Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кыя айылындагы дарыядан аял кишинин сөөгүн балыкчылар таап алган. Бул боюнча райондук милиция кызматкерлерине кабарлашкан. Маркумду таанып-билүү кыйын болгондуктан С.А.нын апасы чакыртылып, ал кызын тиштеринен жана ич кийимдеринен тааныган.

Эскерте кетсек, маркумдун атасы 24-июнь күнү кызы ажырашып кеткен күйөөсү Россияда башка бирөө менен жашап жатканын угуп, аны издөө үчүн үйүнөн чыгып кеткенин, ошол бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!