5,5 миллиондук мүлктү тартып алгандар кармалды

31-Июль 2017, Дүйшөмбү

Башка бирөөнүн мүлкүн жат түрдө ээлеп алган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-июль күнү Сузак районунда “Икрам” аттуу жаран өзүнүн кылмыштуу шериктери менен бирге бирөөнүн ири өлчөмдөгү мүлкүн ачык түрдөө тартып алуу максатын көздөгөн. Ал агасынын “Продуктовый Рай” дүкөнүндө иштеген 34 жаштагы А.Б.ны алдап, телефон аркылуу өзүнүн үйүнө чакырган. Икрам достору менен ага кысым көрсөтүшкөн жана ден-соолугуна зыян келтиришкен. Колундагы 33 миң сомдук “Самсунг” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 300 миң сомдук “Хонда-Фит” унаасын, Сузак районунда жайгашкан үйүн, андан башка дагы эки турак жайынын документтерин ачык эле тартып алган. Мындан улам Сузак РИИБне А.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Жабырлануучуга келтирилген жалпы чыгым 5 миллион 333 миң сомду түзгөн.

Бул арыздын негизинде Жалал-Абад ОИИБнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкелери атайын ыкчам иш-аракетерин жүргүзүшкөн. Натыйжада 14-июль күнү Жалал-Абад шаарынын тургундары 32 жана 25 жаштагы жарандар кармалышкан.

“Кылмышка шектүүлөргө карата Жалал-Абад ОИИБнын тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жаза кодексинин “тоноо” жана “опузалоо” беренелери менен иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө кылмышка шектүүлөр башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы такталууда. Ал эми шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, соттун чечими менен үй камагына чыгарылган”, - деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!