“Алиша” жана “Нани” баңгизат таап чыкты

31-Июль 2017, Дүйшөмбү

“Алиша” жана “Нани” аттуу иттер унаага катылган 12 даана пакетке салынган өңү жашыл-күрөң түстөгү жапайы кара-куурай жыттанган заттарды таап чыкты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-июль күнү “Кара-куурай” аталышындагы рейд учурунда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Жайыл районунун Сосновка айылындагы стационардык тосмодон ыкчам иш-аракеттерди жүргүзгөн. Ал учурда “Фольксваген-Пассат” үлгүсүндөгү автоунаа текшерүүгө токтотулган. Унаада 24 жаштагы А.Н. аттуу айдоочу жана эки жүргүнчү болгон.

“Алиша” жана “Нани” аттуу иттердин жардамы менен жогорудагы автоунаага тинтүү жүргүзүү маалында капоттун алдынан сумка табылган. Ичинен 12 даана пакетке салынган өңү жашыл-күрөң түстөгү жапайы кара-куурай жыттанган заттар табылып, жалпы салмагы 7 килограмм 482 граммды түзгөн.

Жогорудагы факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин “Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү” беренси боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү Ош облусунун 40 жаштагы Ш.Р. жана 32 жаштагы Б.Т. аттуу тургундары кармалган. Ал жарандар Жайыл РИИБнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!