Оштогу үйлөрдө чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

1-Авг. 2017, Шейшемби

Кара-Суу районунда турак үйлөрдө чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-июлда саат 14:01 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районунун Жийделик айылындагы Хаким-Ажы көчөсүндө турак үйлөрдө өрт чыккандыгы боюнча кабар түшкөн. Тутанган жалынды өчүрүү үчүн өрт өчүрүүчү унаалар 14:06 да жерине жетип барган. Жалынды өчүрүүгө жалпы 6 бөлүм тартылган.

“Өрттүн кесепетинен катар жайланышкан 4 турак үй күйүп саат 15:09да өрт чектөөгө алынып, 16:21де толугу менен өчүрүлгөн. Жабыркагандар жана каза болгондор жок. Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!