Уулу өз атасын өлтүрүүгө шектелип кармалды

1-Авг. 2017, Шейшемби

Чүй облусунда өз атасын өлтүрүүгө шектелип 28 жаштагы уулу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкен.

Маалыматка караганда, 28-июль күнү болжол менен саат 11:30 чамасында Жайыл РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Ново-Николаевка айылындагы үйлөрдүн биринде киши өлтүрүү болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде милиция кызматкерлери окуя болгон дарекке келишип, 50-55 жаштар чамасындагы европа улутундагы жарандын сөөгүн табышкан.

Тергөө учурунда анын өздүгү такталып, 53 жаштагы К.М. аттуу жаран экендиги белгилүү болгон.

Ал эми алдын ала маалыматтар боюнча, окуя болгон күнү саат болжол менен 07:00 чамасында 53 жаштагы К.М. жана анын 28 жаштагы уулу К.А. экөө мас абалында пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Анда баласы атасын башка темир менен чаап жиберген. Атасы К.М. алган жаракатынан улам окуя болгон жерде көз жумган.

Жайыл РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй электе маркумдун К.А. аттуу уулу кармалган.

“Жайыл РИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, аталган райондун убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө иштери уланууда”,- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!