Сауд Арабия Кыргызстанга 16 мектеп курат

2-Авг. 2017, Шаршемби

Сауд Арабия өнүктүрүү фонду Кыргызстандын аймагына 16 мектеп салат. Бул тууралуу muslim.kz сайты жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосунда мектептерди куруу боюнча эки тараптуу макулдашуу боюнча келишим ушул жылдын 17-июлда жүзөгө ашкан. Тиешелүү макулдашууга президент Алмазбек Атамбаев дагы кол койгон.

Мектеп өлкөнүн ар кайсыл аймагында 150дөн 550гө орунга ылайыктуу салынмакчы. Андан тышкары фонд меткеп эмеректери жана жабдуулар менен камсыздап бермекчи. Мектептин пайдубалы качан түптөлөөрү азырынча маалым боло элек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!