Банк кызматкери Россияга кеткен

3-Авг. 2017, Бейшемби

Дайынсыз болуп жаткан банк кызматкери Россияга кеткендиги белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-июль күнү Каракол ШИИБге 1950-жылы туулган Галина Ивченко арыз менен кайрылып, 27-июль күнү саат 07:30дар чамасында 1988-жылы туулган Екатерина Лященко аттуу кызы жумушка кеткен боюнча дайынсыз экенин айткан.

Тергөөнүн жүрүшүндө, “Азия Банкы” ЖАКтын Караколдогу бөлүмүнүн төлөм карталары боюнча адиси Екатерина Лященко 27-июль күнү саат 12:45ке чейин иште болгон. Ал түшкө жакын жумуштан чыгып кеткенден кийин аны эч ким көргөн эмес.

Банктын кызматкери иштен кеткенге чейин кардарлардын банктык картасынан адашып, 182 миң сом карыз болуп калганы боюнча түшүнүк кат жазганы белгилүү болгон. Бирок, ал акчаны кыска убакыттын ичинде ордун толтуруп, өз калоосу менен жумуштан бошотуу боюнча арыз жазган.

“Екатерина Лященко 28-июль күнү саат 14:22де “Манас” эл аралык аэропортунан Москвага баруучу №111881 аба каттамы боюнча каттоодон өткөн. Учурда Россияда анын жүргөн жерин тактоо боюнча иштер жүрүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!