​Чүйдөгү унаа кырсыгынан 13 киши жабыркады

3-Авг. 2017, Бейшемби

Бүгүн, 3-августта Чүй облусунун Москва районундагы Чоң-Арык айылында 3 унаа кагышып, анын кесепетинен 13 адам жабыркады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, кырсыктан бир адам каза таап, 8 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлүп, 4 адам ооруканага жаткырылды.

Учурда жабырлануучулар Москва райондук ооруканасын дарыланууда. Абалдары орто деп бааланууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!