Жигит жаш өспүрүмгө күч колдонгон

4-Авг. 2017, Жума

Жети-Өгүз районунда 26 жаштагы жаран “Өспүрүм балага сексуалдык аракеттерди кылган” деп шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-августа Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымына караганда, кечээ күнү 10 жаштагы балага сексуалдык зомбулук кылуу аракет боюнча маалымат Жети-Өгүз РИИБнын нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн. Бул факты боюнча кылмышка шектүү катары 26 жаштагы К. уулу М кармалып, ал райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

“Бул окуя 2-август күнү саат 21:00 чамасында болгон. Бул күнү баланын атасы кылмышка шектелген айылдашы менен жер сугарышкан. Сугат иштери аяктап, болжол менен саат 21:00 чамасында үйгө келе жатканда унаасынын дөңгөлөгү жарылып калып, баланын атасы дөңгөлөктү оңдотуу үчүн башка унаа менен желимдөөчү жайга кетет. Ошол маалда анын үйүнө кылмышка шектелип жаткан жигит келип, кайра резина ѳтүктү талаага жеткизишип койсун деген шылтоо менен 10 жашар баланы энесинен сурап кеткен. Алар жолдо бара жатканда кылмышка шектүү балага күч колдонуп, ыплас иштерин жасоого аракет кылган. Бул фактыны териштирүү мезгилинде өспүрүм баланын ата-энеси айылдашына арыз жазуудан баш тартышкан. Бирок, Жети-Ѳгүз РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин “Жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда жабырлануучунун денесиндеги жаракатын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды”, - дейт Усубакунов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!