«GlobalVillage 2017» фестивалы өткөрүлөт

4-Авг. 2017, Жума

6-августа Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында жыл сайын өтүп келген «GlobalVillage 2017» фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Фестивалга дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн, тактап айтканда Испания,
Чехия, АКШ, Польша, Бразилия, Тайланд, Индонезия, Словакия, Австрия,
Кытай, Түркия, Бельгия, Тайвань, Португалия, Малайзия,
Румыния жана Кыргызстандын маданият ишмерлеринин өкүлдөрү катышмакчы.

Бешинчи жолу өткөрүлүп жаткан иш-чара «Ала-Тоо» аянтында саат 16:00дөн 21:00гө чейин болмокчу. Фестивалда түрдүү мамлекеттин маданияты тааныштырылып, оюн-зоок менен коштолмокчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!