Эс алуу жайлары текшерилип жатат

4-Авг. 2017, Жума

Экологиялык техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору Канатбек Муратбековдун тапшырмасынын негизинде, Кыргызстандын түндүк аймагындагы баардык эс алуу жайлары жана токойлуу тоолордун коопсуздугу текшерүүгө алынууда. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

“Жай мезгили башталгандан тарта көл жээгинде эс алып жүргөндөрдүн эс алуу маданияты сакталбай, жаратылышка ар кандай зыян келүүдө. Тактап айтканда, жайкы сезон башталгандан тарта Ысык-Көлдүн жээгине чейин унааларды токтотуп ал тургай ит жана башка үй жаныбарларын кошо сууга салып эс алган жарандар катталган. Инспекторлор тарабынан аларга чара көрүлүп, экологияга келтирип жаткан зыяндары үчүн айып пул төлөгөнү менен жаратылышка шалаакы мамиле жасагандардын аягы тыйылбай келет”,-деп айтылат маалыматта.

Бул багытта учурда Мамэкотехинспекция менен биргеликте жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары тыгыз кызматташууда. Андыктан баардык эс алып жаткан жарандарга жаратылышты булгабай, маданияттуу эс алып жана таштандыларды атайын таштанды таштоочу жайларга ыргытып, экологияга зыян келтирбей таза эс алууну Мамэкотехинспекция эскертет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!