Орто-Токой суу сактагычына бир адам агып кетти

4-Авг. 2017, Жума

Ала-Бука районундагы суу сактагычтан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-август күнү саат 20:00 чамасында Өрүктү айыл аймагындагы Орто-Токой суу сактагычына эркек киши агып кеткендиги жөнүндө маалымат келип түшкөн. Ал 1979-жылы туулган Э.Ш аттуу жаран экени белгилүү болгон.

«Издөө иштерине куткаруучулар, милиция кызматкерлери, жергиликтүү тургундар тартылган. Алар сууга чөккөн жарандын сөөгүн табышып, туугандарына өткөрүп беришкен», - деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!