Унаа үчүн 19 жаштагы жигит кармалды

7-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Мыйзамсыз түрдө авто унаага ээлик кылган жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-августа Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 5-август күнү, болжол менен саат 04:30дар чамасында Бишкек шаарынын “Көлмө” жаңы конушунда жайгашкан үйлөрдүн биринде токтоп турган “Тойота Калдина” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз адамдар мыйзамсыз түрдө айдап кеткендиги тууралуу Биринчи май РИИБне Бишкек шаарынын тургунунан арыз келип түшкөн.

Жогорудагы окуя боюнча Биринчи май РИИБнын тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жаза кодексинин “авто унааны мыйзамсыз ээлеп алуу” беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Аталган райондун милиция кызматкерлери жана патрулдук милиция кызматкерлери менен биргеликте ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Нарын облусунун 19 жаштагы Ж.К. аттуу тургуну кармалган. Ал тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмышты жасагандыгын моюнуна алган.

“Учурда кылшымка шектүү Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына жеткирилди. Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”,- деп айтылат билдирүүдө

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!