Академиянын лабораториясы талашка түштү

7-Авг. 2017, Дүйшөмбү

9-августта Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айлындагы КР УИАнын дендропаркынын лабораториясынын бир бөлмөсүн менчиктештирүүгө талапкер А. Турсунбаева демилгелеген соттук отурум өтөт. Бул тууралуу академиянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, аталган бөлмө КР УИАнын П.А.Ган атындагы Токой институтунун балансында катталган жана дендрологиялык парктын территориясында илимий-изилдөөчү иштерди жүргүзүү үчүн каралган.

“Белгилүү болгондой, А.Турсунбаева бул бөлмөдө 2013-жылдан бери жашайт. Мурдараак, 2016-жылы бул маселе боюнча эки соттук чечим чыгарылган, анда доочуга аталган бөлмөнү ээлегенге укук берүүдөн баш тартылган, себеби ал бөлмөнү ээлегенге доочунун укугун тастыктаган документтер алып келинген эмес жана ал аталган жерде жашаганга укугу жок деген чечим чыккан”,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, А.Турсунбаева дендропарктын жанындагы “Академия наук” эс алуу үйүндө 2012-2013-жылдары, жай айларында иштеп кеткен, бирок бул жагдай ал бөлмөнү үй катары менчиктеп алганга мүмкүнчүлүк бербейт. Себеби эс алуу жайынын кызматкерлерине пансионаттын территориясындагы бөлмө сезон убагында гана каралат, бирок ал убактылуу гана.

Талашылып жаткан бөлмө жашай турган бөлмө катары статуска ээ эмес (ал лаборатория) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын балансында туруп, мамлекеттик мүлк деп эсептелет. Академия аны Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бирөөгө ыйгарууга укугу жок. Ошондой эле, ал бөлмө адам жашаганга берилбеши керек, себеби ал илимий-изилдөөчү иш жүргүзгөнгө каралган. Ал эми бүгүнкү күнү А.Турсунбаевага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренеси (жалган документтерди жасоо) жана 166-беренеси боюнча (алдамчылык) кылмыш иштери козголгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!