Өспүрүмдүн өмүрүн сактап калышты

7-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Куткаруучулар Бишкек шаарындагы көлмөлөрдүн биринен 6 жашар баланын өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Свердлов районунда 6-август күнү 15:33да ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Кара-Жыгач сейил багында жайгашкан Комсомол көлүнөн 2011-жылы туулган эркек баланы куткарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!