​Ажылардын алгачкы тобу Мединага учуп кетти

7-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Бүгүн, 7-августта “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргызстандык ажылар ажылык милдеттерин өтөө үчүн Медина шаарына учуп кетти. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет.

Бишкек шаарынан жөнөп жаткан ажыларды Кыргызстан Мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Азирети Муфтийдин орун басарлары Жоробай ажы Шергазыев, Замир каары Ракиев, КМДБнын ажылык бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев, САПтын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман Бин Саид Аль-Жума мырзалар узатышып, алар үчүн жакшы тилектерин айтышты.

Ал эми Азирети Муфтий ажылык милдеттерин өтөө үчүн жөнөп жаткан мекендештерибизге Сауд Арабия Падышачылыгынын мыйзамдарын сактап, ажы башчылардын көрсөтмөлөрү менен жүрүүгө чакырып, аман-эсен барып келүүлөрүнө тилектеш экендигин билдирип, мамлекетибиз, эли-журтубуз үчүн ыйык жерден дуба кылууга чакырды.

Эскерте кетсек, быйылкы жылы жалпысынан 15 каттам болуп, алардын ичинен 3 каттам Бишкек шаарынан болсо, калган 12 каттам Ош шаарынан жөнөтүлөт.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!