Кырсыктан бир аял каза болду

7-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Бишкек-Ош унаа жолунун Өзгөн районундагы тилкесинде 3 унаанын катышуусунда болгон кырсыктан 44 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын билдирүүсү боюнча, кырсык 6-августка караган түнү болгон. Анда «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унааны О.Л. аттуу аял киши Жалал-Абад шаарынан Өзгөн шаарына карай башкарып бара жатып, каршы тилкеге чыкканда «Тойота Вич» менен сүзүшкөн. Ал унаанын сол капталын сүзүп, андан кийин «Мерседец Бенс» үлгүсүндөгү унааны сүзүп токтогон.

Анын кесепетинен алган оор жаракаттан улам 2 адам аймактык ооруканага жеткирилип, анын бири каза болду. Маркум 44 жаштагы С.Г. аттуу аял экени белгилүү болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!