Унаа кырсыгынан 8 адам жабыркады

7-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Кечээ, 6-августта Бишкекте Көк-Жар конушунда унаа кырсыгы катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, унаа кырсыгында БМВ үлгүсүндөгү машина менен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү кичи автобус кагышкан. Анын кесепетинен 8 адам жабыркады.

Жабыркагандар Чүй облусттук ооруканасын саат 19:50дө жеткирилди. 4 адам амбулатордук жардам көрсөтүлсө, 4 адам травматология бөлүмүнө жаткырылды. Учурда абалдары туруктуу. Бейтаптар тийиштүү медициналык жардамдарды алышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!