БМВ менен кичи автобус сүзүштү

7-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Жүргүнчү ташыган кичи автобус менен жеңил унаа сүзүшүп, жол кырсыгынан жеңил унаанын айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын Жол кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 6-августа Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында болгон. Анда БМВ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдун каршы тилкесине чыгып 378-каттамдагы кичи автобус менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу окуя болгон жерде жан берген. Ал эми кичи автобустун ичинде 13 жүргүнчүнүн баары жабыркап, Чүй облустук ооруканасына жеткирилген.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!