Ак-Суудагы кырсыктан бир адам каза болду

7-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Ак-Суу районунда унаа кырсыгынан 1 адам каза болуп, 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол-Савхоз айылында “Митсубиси Галант” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кеткен. Натыйжада 1959-жылы туулган эркек киши айдоочусу кырсык болгон жерде каза болгон. 2 адам жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилген.

«ӨКМнин Ак-Суу райондук №15 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн 4 куткаруучусу адамдарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен»,- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!