Президент турак-жай курууга каражат берди

7-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Президент Алмазбек Атамбаевдин атынан жаз айларында жер көчкүдөн жабыркаган Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын 52 тургунуна 100 миң сомдон жардам көрсөтүлдү.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Жумамидин Сулайманкулов билдиргендей, жалпы 5 млн. 200 миң сом каражатты өлкө башчысынын атынан облус жетекчиси Таалайбек Сарыбашов жана президенттик аппараттын инспектору Акылбек Орозалиевдер тапшырды.

Аталган каражат курулуш иштерине колдоо үчүн берилди.

Белгилей кетсек, жаз алды менен Өзгөн районунун бир катар аймактарында жер көчкү жүрүп, турак-үйлөрду, социалдык объектилерди басып калган. Алгач алты кишиден турган бир үй-бүлө, көп өтпөй 24 киши жер көчкү алдында калган. Турак-жайынан айрылгандар үчүн аталган райондун коопсуз аймагынан жер тилкеси бөлүнүп берилип, учурда болочок айылды түптөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!