​Бишкек-Ош унаа жолунан 3 адам каза болду

8-Авг. 2017, Шейшемби

Бүгүн, 8-августта Бишкек-Ош унаа жолунун 487 чакырымында Жалал-абад облусундагы Шамалды-Сай шаарчасында унаа кырсыгы катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин маалымат кызматы билдирет.

Жол кырсыгынан оор жүк ташуучу унаа менен Хонда степвагон үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышкан. Анын кесептинен 9 адам жабыркады. Алардын ичинен 3 адам каза болду. 3 адам амбулатордук жардам алышса, үчөө Шамалды-Сай шаарчасындагы оорукананын хирургия бөлүмүнө саат 1:50дө жеткирилди.

Жабыркаган жарандардын көкүрөк клеткалары, ашказаны, баш мээси чайкалган. Учурда тийиштүү медициналык жардам алууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!