Эже-сиңдиден турган кылмыштуу топ кармалды

8-Авг. 2017, Шейшемби

Талас шаарындагы базарда соода кылгандарды тоноп жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Талас шаардык милиция бөлүмүнө аталган шаардын борбордук базарында иштеген соодагерлердин сумкалары белгисиз адамдар тарабынан уурдалгандыгы тууралуу арыздар келип түшкөн. Сатуучулар базарда соода менен алектенип жаткан учурда акча, баалуу буюмдар, уюлдук телефондору жана документтери салынган сумкалары уурдалып кеткен.

Талас ШИИБнин ыкчам кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында кылмыштуу топ аныкталып кармалган.

“Кылмышка шектүүлөр Талас районуна караштуу Талды-Булак айылынын жашаган бир тууган үч эже-сиңдилер жана баласы экендиги такталган. Бүгүнкү күндө алар күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышкан, келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 85 миң сомду түзөт”,- деп айтылат билдирүүдө.

Жогорудагы кылмыш иши боюнча Кылмыш жаза кодексинин “уурулук” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүүлөр Талас ОИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!