​Эне сүтү балага табылгыс азык

8-Авг. 2017, Шейшемби

Жалал-Абадда бүткүл дүйнөлүк эмчек эмизүү жумалыгынын алкагында энелерге баланын туура тамактануусу боюнча бекер кеңештер берилүүдө. Бул тууралуу шаардагы №5 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси Канышай Баиева билдирди.

Анын айтымында, 1-августтан 7-августка чейин өтүүчү эмчек эмизүү жумалыгынын алкагында Жалал-Абадда да ага карата жер-жерлерде жаш энелерге баланы туура тамактандыруу, балдарды алты айга чейин жалаң гана эне сүтү менен тамактануусу жана мүмкүнчүлүктүн болушунча баланы эки жашка чейин эмизүү боюнча адистердин катышуусунда кенен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

SPRING долбоорунун Жалал-Абад областы боюнча координатору Динара Боронбаеванын айтуусунда, бул жумалык Жалал-Абадда жылына өткөрүлүп келет.

Бирок, жылына жумалыктын аталышы ар кандай аталышта бул жылы жумалыктын аталышы "Эмчек эмизүү ар дайым жана ар жерде" деп аталды.

"Негизинен акыркы убактарда энелер балдарын көчөдө эмизүүлөрү коомчулукка жат көрүнүштөй болуп баратат. Бирок бул туура эмес. Анткени бала тамактанууну кайсыл жерде кааласа эне ага өз убагында көңүл буруусу керек. Жаңы төрөлгөн балага кошумча тамак берүүгө болбойт. Көпчүлүк энелер ымыркай төрөлгөндөн баштап ар кандай суусундук жана кошумча тамак берүүгө аракет кылышат. Бул — чоң катачылык. Жаңы төрөлгөн ымыркайдын ашказаны болгону 5-7 миллиметр суюктукту батыра алат. Эне дагы белгиленген өлчөмдө гана ууз сүт чыгара алат. Бул ымыркайдын тамакка болгон талабын аткара алат. Болгону бат-бат эмизип туруу зарыл. Баланы эрте эмчектен эрте чыгарууда ал баланын эне сүтүндө болгон бардык витаминдерди толук ала албай натыйжада ымыркайдын организми начарлап ар түрдүү ооруларга туруштук бере албай калат дейт",- ал.

Эскерте кетсек, өткөрүлүп жаткан бул жумалыкка Жалал-Абад шаардык мэриясы, областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана SPRING уюмунун материалдык колдоосу менен өткөрүлүп жатат. Бул жумалык жылына дүйнөнүн 170 өлкөсүндө белгиленип келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!