Жол кырсыгынан 12 адам жабыркады

8-Авг. 2017, Шейшемби

Бишкектеги жол кырсыгынан 12 адам жабыркады

Бүгүн, 8-августта таңкы саат 8:20 чамасында Бишкектин Шералиев менен А.Масалиев көчөсүнүн кесилишинде (Түштүк Магистралында) унаа кырсыгы болуп, анын кесепетинен 12 адам жабыркады. Бул тууралу Саламаттыкты сактоо министринин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгында «Мерседес Спринтер» менен «Фольксваген» унаалары кагышкан. Анын кесептениен 19 жаштагы жүргүнчү кыз каза тапты.

“Жабыркаган 10 адам амбулатордук жардам көрсөтүлсө, 1 адамды баш мээси чайкалып учурда ооруканада жатат”,-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!