Унаа кырсыгынан 6 адам жабыркады

9-Авг. 2017, Шаршемби

Бүгүн, 9-августта Жалал-Абад облусундагы Октябрь айылында жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен 6 адам жабыркады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин маалымат кызматы билдирди.

“Унаа кырсыгынан 3 адам каза таап, 3 адам Жалал-Абад облусттук клиникалык ооруканасына саат 1:50дө жеткирилди. Алар реанимация бөлүмүнө жаткырылган, абалдары оор”,-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!