Жаналиев монгол президентине портретин тапшырды

10-Авг. 2017, Бейшемби

Кыргызстандык сүрөтчү Азамат Жаналиев жип менен мыктан Монголиянын жаңы президенти Халтмаагийна Баттулганын сүрөтүн тартып, белекти президенттин өз колуна тапшырды. Бул тууралуу ал өзүнүн соцтүйүндөгү баракчасына жазды.

Стринг-арт техникасы менен тартылган бул сүрөттү Жаналиев эки элдин ортосундагы достук мамилесине арнаган.

«Президент Баттулга менен белегимди кабыл алды. Ал тескерисинче мага колодон жасалган аскердин скульптурасын Монголиянын Гиннестер китебин жана кол тамгасы түшүрүлгөн сүрөттү тапшырып, кыргызстандыктарда салам жолдоду»,-деди ал.

Буга чейин Азамат Жаналиев, Чынгыз Айтматовдун, Ахмат-Хаджи Кадыровдун, Владимир Путиндин, Петр I жана Бириккен Араб Эмираттарынын шейхинин эксклюзивдүү сүрөттөрүн тарткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!