Кыргызстандык сулуу сынга кабылды

10-Авг. 2017, Бейшемби

Эл аралык “World Next Top Model 2017” сынагына Кыргызстандын атынан барган Сусанна Егорян финалда Армения өлкөсүнүн атынан чыккан. Аны менен катар вице-мисс наамын алганда Армениянын жараны катары көрсөтүлгөн.

Ал бул сынакка катышууда «Кыргызстан сулуусу-2017» сынагынын жыйынтыгында “Подиум сулуусу” наамы алып, эл аралык сынакка катышууга жолдомо алган эле.

Көп өтпөй соцтүйүндүн колдонуучулары Сусанна Егоряндын Армениянын атынан чыкканын сынга алышып, аны жарандыгын алууну талап кылышууда. Ал эми Егорян болсо сулуулар сынагына мамлекет жибербегенин, өзү барганын соцтүйүндөгү баракчасына жазды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!