Кыргыз жарандары жол кырсыгына кабылды

10-Авг. 2017, Бейшемби

8-августта Россиянын Оренбург облусундагы Оренбург районунда Нижняя-Павловка айылына жакын жерде «Шевроле Ланос» унаасы менен «Мерседес» үлгүсүндөгү кичи автбос кагышкан. Бул тууралуу кечээ, 9-августта Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, кичи автобуста 15 жүргүнчү болгон. Алар Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын 2 айдоочу жараны болушкан. Унаа кырсыгынан жабыр тарткан жүргүнчүлөргө ошол замат медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Бул окуя боюнча Россиянын ИИМи тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Кыргызстандын элчилиги болсо бул окуяны көзөмөлгө алып турмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!