​Ренат Макенов Бишкек шаарынын вице-мэри болду

10-Авг. 2017, Бейшемби

Бишкек шаарынын биринчи вице мэри болуп Макенов Ренат Кормонкоджеевич дайындалды. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов 2017-жылдын 8-августунда кол койду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин биринчи вице-мэр болгон Эрнис Зарлыков өз ыктыяры менен кызматынан кеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!