Клумбаларга жаңы гүлдөр отургузулду (фото)

10-Авг. 2017, Бейшемби

«Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынын маалыматы боюнча Бишкек шаарындагы клубаларга бир нече гүлдүн түрү отургузулду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, көз жоосун алган гүлдөр калаанын Ибраигомов-Жумабек, Жекеев-Пудовкин-А.Токомбаев, Бөкөнбаев-Манас, Ауэзов көчөсү, Жеңиш аянтына, Ибрагимов-Фрунзе, Алматы-Салиева көчөлөрүндөгү клумбаларга отургузулган.

Аны «Жашылдандыруу» ишканасынын 100 кызматкери жалпы 50 миңге жакын гүлдүн 9 түрүн: хризантема, агератум, сальвия, катарантус, бегония, циния жана партулак, гациния, георгины гүлдү отургузду.

Мэрия шаар тургундарын жана конокторун гүлдөргө аяр мамиле жасоону жана кызматкерлердин эмгегин баалоону өтүнөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!