Акысыз мектеп формасы таратылат

10-Авг. 2017, Бейшемби

Бишкек шаарында жана Чүй облусундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жаңы окуу жылына карата кийим-кече, окуу куралдары берилет. Бул тууралуу Кыргызстандагы Кызыл Жарым Ай коому билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандагы Кызыл Жарым Ай коому жана Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдырана кайрымдуулук иретинде мектеп формасын, окуу куралдарын таратышмакчы.

“Кайрымдуулук иретинде көрсөтүлүп жаткан окуучу балдарга Бишкек жана Чүй облусундагы 300 окуучуга жалпы суммасы 12 миң АКШ долларын түзгөн кийим кече, концелярдык товарлар берилет” ,-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!