Эки жигит герион менен кармалды

10-Авг. 2017, Бейшемби

Милиция кызматкерлери Кара-Көл шаарында героинди жанына алып жүргөн эки жигитти кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери жүргүзгөн иликтөө иштеринин натыйжасында 8-август күнү болжол менен саат 04:00 чамасында Кара-Көл шаарында жайгашкан посттун жанынан “Тойота-Виндом” үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан Токтогул районунун 38 жаштагы Ж.Ө. жана жүргүнчү катары бара жаткан 34 жаштагы Н.Ж. аттуу жашоочуларын токтотушкан.

Текшерүү учурунда автоунаанын ичинен 2 кара баштыкка оролгон ак түстөгү зат табылган. Экспертизанын жыйынтыгы менен жалпы салмагы 2 кг 90 граммды түзгөн “героин” баңгизаты экени аныкталган.

Аталган факты боюнча Кара-Көл ШИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

“Кармалган жарандар Жалал-Абад ОИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө. Жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандырдын өздүгүн тактоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!