Көлгө чөккөн адамдын сөөгү табылды

10-Авг. 2017, Бейшемби

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 30 жаштагы адамдын сөөгүн алып чыгышканын аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Алардын маалыматты боюнча, кечээ 9-август күнү саат 21:00 чамасында 1987-жылы туулган Ж. А. аттуу эркек киши көлгө түшүп жатып, чөгүп кеткен. Издөө иштерине Чолпон-Ата шаарындагы ӨКМнын суучулдар борборунун куткаруучулары тартылып, саат 21:50дө чөгүп кеткен адамдын сөөгүн алып чыгышып, туугандарына тапшырып беришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!