Стамбулда Айтматовдун эстелиги орнотулат

10-Авг. 2017, Бейшемби

Түркиянын Стамбул шаарында кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун айкели орнотулат. Бул тууралуу 10-августта кыргызстандык ишкер Темирлан Сарлыкбек уулу соцтүйүндөгү баракчасына жазды.

Анын айтымында, жазуучунун эстелигин орнотуу боюнча түрк расмийлери менен сүйлөшүү жүрүп, жыйынтыгында айкелди орнотуу чечими кабыл алынды.

“Стамбулдун Малтепе районунун акими Али Кылыч мырза менен жолугушуп, бул райондо жайгашкан Чыңгыз Айтматов паркына сыймыктуу жазуучубуздун айкелин тургузуу чечимин алдык. Айкелди Азербайжандын атактуу айкелчиси Сенан Эйнуллаев мырза жасап чыгат”,-деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 10-августта Түркиянын Стамбул шаарынын Сүтлүже аймагындагы сейил бакка Манастын айкели ачылган. Айкелди орнотуу демилгесин кыргызстандык ишкер Темирлан Сарлыкбек уулу көтөрүп, эстеликке сарпталчу каражаттын баарын өз мойнуна алган эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!