Трансформациялоо мыйзамы артка кайтарылды

Трансформациялоо мыйзамы артка кайтарылды
11-Авг. 2017, Жума

Президент Алмазбек Атамбаев жерлерди трансформациялоого тиешелүү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзамды артка кайтарды.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 29-июлунда кабыл алынган.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, өлкө башчынын пикиринде, кабыл алынган мыйзам колдонулбай турган жер участокторунун чөйрөсүн негизсиз кеңейтет. Ага удаа жер участокторун трансформациялоонун бар болгон тартибин колдонууну жокко чыгарат. Жер участокторун трансформациялоодо коррупциялык тобокелдиктерди пайда кылып, жердин багытын которуу механизмдери эске алынган эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!