“Элим барсыңбы?” мектепке даярдоону баштады

11-Авг. 2017, Жума

“Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фонду салтка айланган ата-энесинин камкордугусуз калган жана муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына окууга даярдык көрүү жөрөлгөсүн баштады.

Аталган фонддун жетекчиси Хабибулла Арзыкулов "ZAMAN.KGге" билдиргендей, бир балага мектеп формасы, окуу куралдары, бут кийим жана сумкасын кошуп эсептегенде, орточо 5000 сом сарпталат.

Жардам балдарга кайдыгер карабаган жарандар, демөөрчүлөр тарабынан көрсөтүлөт. Бир окуучунун мектеп барып билим алышына себепчи болуп жардам берүүнү каалагандар фонддун кеңсесине кайрылышса болот. Мындан сырткары электрондук капчык – ЭлСОМ, мобилдик капчык, топтоочу номерге бирдик жүктөө аркылуу жардам көрсөтүүгө болот.

Кароосуз калган балдарды жана муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарын мектепке даярдоо жөрөлгөсүн фонд төрт жылдан бери ишке ашырып келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!