Жээнбеков: “Жаштардын креативдүүлүгү шыктандырат”

12-Авг. 2017, Ишемби

Өкмөт жаш ишкерлерге ар убак жардам бере турганын премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Мен Кыргызстанга инвестиция салам» аттуу жаштардын форумунда билдирди.

Ал жаш ишкерлердин энергиясы, креативдүүлүгү өлкө экономикасын өнүктүрүүгө ишенимин шыктандырарын белгилеп, учурдагы экономикадагы көрсөткүчтөрду санап берди.

«Бүгүнкү күндө орто жана чакан бизнестин өлкө экономикасын өнүктүрүүгө кошкон кирешеси ички дүң өнүмдүн 40%ын түзөт. Жаш ишкерлер үчүн бизнести өнүктүрүүдөгү бирден-бир тоскоолдук ­- жабдууларды алууга каражаттын тартыштыгы. Жакынкы арада кытай тарап менен бирдиктүү фонд түзүү маселеси каралууда. Ал өз ишмердүүлүгүн орто жана чакан бизнести өнүктүрүүгө багыттайт», – деди Жээнбеков.

Форумда Кыргызстандын ар кайсы аймактарында азыркы тапта ийгиликтүү иштеп жаткан долбоорлор көрсөтүлдү.

Өкмөт башчы форумдун катышуучулары менен суроо-жооп форматында сухбатташып, бизнесте жакшы тажрыйба топтогон жаштарга ыраазы экенин, өкмөт жаш ишкерлер менен ачык сүйлөшүүгө жана колдоо көрсөтүүгө даяр экенин убада кылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!