Президент Элнуранын кыялын орундатты

16-Авг. 2017, Шаршемби

Бүгүн, 16-август күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев президент Алмазбек Атамбаевдан келген белекти, №9 А.Рудаки атындагы мектеп-гимназиясынын 3-классынын окуучусу Элнура Эсеналиевага тапшырды.

Бул тууралуу мэриянын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

9 жаштагы кыздын апасы Эльмира Эсеналиева өлкө башчысына 20 күн мурун кызынын катын жөнөткөндүгүн айтып, ыраазычылык билдирди.

“Кызым сыналгы көрүп олтуруп, президентке кат жөнөтөлү деген оюн айтты. Анткени, 13-август кызымдын туулган күнү эле. Катына аквариум балыктары менен белекке бериңиз деген каалоосун жазып, мага бергенинен, жөнөтүп койдум. Өлкө башчыбызга ыраазычылык билдирем, кубанычымда чек жок ”, - дейт.Эсеналиева.

Ал эми кичинекей Элнура аквариум балыктарына көптөн бери кызыгып жүргөндүгүн, көптөн берки кыялын өлкө башчысы орундатып, туулган күнө күтүүсүз белек кылгандыгы үчүн кубанып жаткандыгы жашырбады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!