“Өзүңдү тизмеден текшер!”

16-Авг. 2017, Шаршемби

Бүгүн, 16-августтан баштап мамлекеттик каттоо кызматы борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте “Өзүңдү тизмеден текшер!” аттуу улуттук маалыматтык өнөктүктү баштады.

Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Дамира Азимбаева «ZAMAN.KGге» билдиргендей, өнөктүк 30-августка чейин уланып, жарандар шайлоочулардын жалпы тизмесинен өздөрүн тактап алуусуна мүмкүнчүлүк берилет.

Тизмелер ар бир шайлоочунун жашаган жериндеги участокто жана shailoo.srs.kg интернет сайтына жайгаштырылат. Жарандар өзүнүн шайлоо участкасына же болбосо жогорудагы сайтка кирип тизмеден текшере алат. Мындан сырткары шайлоочулар өзүнүн жеке номерин 119 номери СМС билдирүү аркылуу жөнөтө алат. Бул учурда шайлоочунун добуш бере турган участкасынын дареги телефонуна СМС аркылуу келип түшөт.

Эгерде жарандардын тизмесинде так эместик болсо, арыз жазып кайрыла алат.

Белгилей кетсек, МКК борбордук шайлоо комиссиясына бир апта мурун 3 миллионго жакын шайлоочунун болжолдуу тизмесин өткөрүп берген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!